Россия АКШга карата санкция тизмесинин даяр экендигин жарыялады

Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков  өлкөсүнүн АКШнын аракеттерине  карата санкция тизмесинин даяр экендигин жана жакында билдирилерин жарыялады.

1794353
Россия АКШга карата санкция тизмесинин даяр экендигин жарыялады

Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков  өлкөсүнүн АКШнын аракеттерине  карата санкция тизмесинин даяр экендигин жана жакында билдирилерин жарыялады.

Рябков Россиянын Биринчи каналына берген маалыматында өлкөсүнүн АКШнын санкцияларынын терс таасиринен коргонуу үчүн аракет кылаарын жана бул үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн бар экенин белгиледи.

АКШнын аракеттерине санкция менен жооп бере тургандарын билдирген Рябков : «Тизме даяр, ушул боюнча иштеп жатабыз. Бул жалпысынан күнүмдүк иштерибиздин бир бөлүгү. Жакында булар билдирилет»,- деди.

Санкциялардын Россиянын Украинага кириши менен байланышы жок экенин билдирген Рябков : «Биз бул кырдаалга (санкцияларга) даярданып жатканбыз. Санкциялар атайын аскердик операциядан көз карандысыз, ага тиешеси жок. Бул операция болбосо да бул бардык санкцияларды турмушка ашыруу үчүн Вашингтон жана тараптарлары бир себеп табышмак»,- деди.

Батыш өлкөлөрүнүн «маскаларын чыгарганын» жана Россияга «ачыкча экономикалык согуш жарыялагандыгын» белгилеген Рябков  АКШнын өлкөсүнө каршы окшошу болбогон санкция согушунун алдында орток ишенимдин азыр мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Орус аскерлери 24 - февралда Украинага кол салгандан кийин АКШ жана Батыш өлкөлөрү Россияга каршы санкцияларды киргизген.



Тектеш кабарлар