ЦРУ: "Орусия Украинада химиялык курал колдонушу мүмкүн"

Уильям Бернс АКШнын Сенатында өткөн «Дүйнөлүк коркунучтар» деп аталган сессияга катышты.

1793632
ЦРУ: "Орусия Украинада химиялык курал колдонушу мүмкүн"

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) директору Уильям Бернс, Орусиянын химиялык куралды мурда башка жерлерде да колдонгонун жана аны Украинада да колдонушу мүмкүн экенин айтты.

Уильям Бернс АКШнын Сенатында өткөн «Дүйнөлүк коркунучтар» деп аталган сессияга катышты.

Негизинен Орусия-Украина согушуна баа берилген сессияда Бернс, Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинага байланыштуу кыйын абалда экенин жана согуштун өзү каалагандай жүрбөй жатканын билдирди. 

Согуштун бир жагынын да маалымат согушу экенин белгилеген Бернс: «Бул, Путин уттулган маалымат согушу»,-деди. 

"Орусия Украинада химиялык курал колдонушу мүмкүнбү" деген суроого жооп берген ЦРУнун директору: "(Химиялык курал колдонуу) Орусия колдонгон тактикалардын арасында. Алар бул куралдарды өз жарандарына каршы колдонушкан, Сирияда колдонууга үндөшкөн. Ошондуктан бул абалга олуттуу карайбыз",-деп айтты.

Уильям Бернс ошондой эле " Украинанын эмес, Орусиянын колунда химиялык курал бар" деп билдирди.



Тектеш кабарлар