БУУ: "Украинадагы кырдаал тездик менен начарлап баратат"

2 миллион 300 миң кишинин өлкөдөн кеткенин белгилеген Дюжаррик алардын 1 миллионунун балдар экенин билдирди.

1793583
БУУ: "Украинадагы кырдаал тездик менен начарлап баратат"

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Украинадагы гуманитардык кырдаалдын Орусиянын оккупациясынан улам "коркунучтуу ылдамдыкта начарлап баратканын" эскертти.

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк пресс-брифингинде, Украинада согуш башталган 24-февралдан бери 1,9 миллион кишинин өлкө ичинде жер которгондугун жана алар батыштагы Львов шаарын көздөй бет алышканын айтты.

2 миллион 300 миң кишинин өлкөдөн кеткенин белгилеген Дюжаррик алардын 1 миллионунун балдар экенин билдирди.

Гуманитардык абалдын «коркунучтуу ылдамдыкта начарлап баратканын» белгилеген Дюжаррик, гуманитардык жардамдарды жеткирүү үчүн коопсуз коридорлордун зарылдыгына басым жасады.

Украиналык качкындарга жардам берүү үчүн зарыл болгон 1,7 миллиард доллардын 109 миллион долларынын гана чогулганын белгилеген Дужаррик, ички жер которгондорго жардам берүү үчүн 1,1 миллиард долларга муктаж экенин айтты.



Тектеш кабарлар