Орусия айрым жабдууларды жана өнүмдөрдү экспорттоого тыюу салды
Бул продукцияларга технология, телекоммуникация, медицина, автомобиль, айыл чарба жана электр жабдууларынын киргени айтылды.
![Орусия айрым жабдууларды жана өнүмдөрдү экспорттоого тыюу салды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a31f/41cf/9285/5fa8ec31dad37.jpg?time=1718780229)
Орусияда өкмөт айрым жабдууларды жана өнүмдөрдү экспорттоого тыюу салды.
Орус өкмөтүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 200дөн ашуун продукциянын экспортуна 2022-жылдын аягына чейин убактылуу тыюу салынганы кабарланды.
Бул продукцияларга технология, телекоммуникация, медицина, автомобиль, айыл чарба жана электр жабдууларынын киргени айтылды.
Тыюу салуунун алкагында темир жол транспорттук жабдуулары, контейнерлер, турбиналар, металл жана таш иштетүүчү машиналардын да бар экенине көңүл бурулуп, монитор, проектор, консол жана панелдердин экспортунун да токтотулганы белгиленди.
Экспортко тыюу салуунун Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдөн тышкаркы бардык өлкөлөрдү камтыганы маалымдалган билдирүүдө, Орусияга «достуксуз» кадамдарды таштаган өлкөлөргө жыгач экспортунун да убактылуу токтотулганы кабарланды.
Орусиянын президенти Владимир Путин 8-мартта өкмөт аныктаган айрым продукцияларды жана чийки заттарды экспорттоого тыюу салууга буйрук берген.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718780230)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.