Индонезияда Мерапи жанар тоосу жарылды

Индонезиядагы Мерапи жанар тоосунун жарылышынын натыйжасында 253 адам убактылуу баш калкалоочу жайларга көчүрүлдү.

1793195
Индонезияда  Мерапи жанар тоосу жарылды

 

Калк жыш жайгашкан Ява аралындагы Мерапи тоосунда кечээ түнү болгон жарылуудан улам жакын жердеги калктуу конуштарды күл каптады.

Жетекчилер  жанар тоонун кеминде 7 жолу ысык күл булуттарын чачыратканын жана таш, лава, газдын аралашмасы болгон рапиддер эңиштерден 5 километр ылдый акканын билдиришти.

Улуттук апаатты алдын алуу агенттигинин басма сөз катчысы Абдул Мухари 253 кишинин убактылуу баш калкалоочу жайларга эвакуацияланганын билдирди.

Жарылууларда өлүм  -  житимдин болбогондугун билдирген жетекчилер  аймактын тургундарын кратердин оозунан 7 километр алыс болууларын жана лавалардын коркунуч туудурары боюнча  эскертти.

2010 - жылы Мерапи тоосунун акыркы чоң жарылуусу  347 адамдын өмүрүн алып, 20 миң кишинин эвакуацияланышына себеп болгон.



Тектеш кабарлар