Украинага кол салуулар, 5 шаардагы ок атышпоо...

Орусиянын Коргоо министрлигинин Коргонууну башкаруу борборунун билдирүүсүндө, Украинанын шаарларында гуманитардык абалдын начарлаганы белгиленди.

1792187
Украинага кол салуулар, 5 шаардагы ок атышпоо...
ukrayna.jpg
ukrayna (15).jpg
ukrayna (12).jpg
ukrayna (11).jpg

Орус армиясынын кечээ күнү Украинанын Суми шаарына  абадан сокку урууларында каза болгондордун саны 22ге жетти.

Суми Аймактык Аскердик Башкармалыгынын төрагасы Дмитрий Живицкий социалдык медиадан жасаган билдирүүсүндө, кечээ Суми аймагынын  3 жолу бомбаланганын белгилеп, Орусиянын бул абадан кол салууларында үчөө бала 22 кишинин каза болгонун белгиледи.

Бул кол салууларда 8 кишинин жараланганын белгилеген Живицкий 20дан ашуун бир кабаттуу үйдүн да кыйраганын билдирди.

Бир тараптан Орусия, Москва убактысы боюнча саат 10:00дөн баштап Украинанын борбор шаары Киев баш болгон 5 шаардан жарандардын эвакуацияланышы үчүн убактылуу ок атышпоо жарыялаганын жарыялады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин Коргонууну башкаруу борборунун билдирүүсүндө, Украинанын шаарларында гуманитардык абалдын начарлаганы белгиленди.

Жарандардын жана чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген билдирүүдө, «Орусия 9-март күнү Москва убактысы боюнча саат 10:00дөн тарта ок атышууну токтотууну жарыялады жана гуманитардык коридорлорду түзүүгө даяр»,-деди.

Украинанын Киев, Чернигов, Суми, Харьков жана Мариуполь шаарларында эвакуациялоо үчүн гуманитардык жардам коридорлору түзүлө турганы белгиленген билдирүүдө украин тарапка сөз болгон коридорлордун иштөө убактысын аныктоо боюнча  Москва убактысы боюнча 03:00гө чейин макулдашууга жетишүү сунушталды.

Билдирүүдө эвакуациялар учурунда аныкталган маршруттардагы коопсуздуктун Украина жетекчилиги тарабынан камсыздалышы керектиги баса белгиленди.

Ошол эле учурда Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук Орусия менен бүгүн көптөгөн аймактарда гуманитардык коридорлорду ачуу боюнча келишимге жетишкендерин жарыялады.

Верещук пресс-конференцияда Киев сунуштаган каттамдар боюнча келишимге Орусиядан бүгүн оң жооп алгандарын айтты.

Ушул себептен жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00-21:00 ортосунда ок атышпоо жарыяланганын белгилеген Верещук, адамдарды чыгаруу үчүн көптөгөн аймактарда «жашыл» коридорлор ачыла турганын айтты.

Верещук сөз болуп жаткан гуманитардык коридорлордун Энергодар-Запорожье, Суми-Полтова, Изюм-Лозовая, Мариуполь-Запорожье, Вольноваха-Покровск, Ворцель, Бородянка, Буча, Ирпин, Гастомель-Киев багыттарында ачыла турганын айтты.

Бир тараптан Украинанын Башкы штабы согушта каза болгон орус аскерлеринин санынын 12 миңден ашканын айтты.

Орусияга таандык 49 учак, 81 тик учак, 317 танк, 1070 бронетехника, 120 артиллериялык система, 482 унаа, 60 күйүүчү май цистернасы жана 7 учкучсуз учуучу аппараттын да жок кылынганын белгиленди.

Украинанын куралдуу күчтөрү орус армиясы баш калаа Киевди басып алууга даярданып жатканын жарыялады.

Бул тууралуу Украинанын куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирип:«Колдо болгон маалыматтарга караганда, душман Киевди алуу үчүн жаңы аракетке даярданууда»,делди.

Билдирүүдө орус аскерлеринин Фастив шаарына ийгиликсиз кол салуудан кийин кайрадан операция баштоого аракет кылганы да белгиленди.

Киевдин Классикалык оркестри Орусиянын кол салууларына жооп иретинде борбор калаанын ортосундагы Эгемендүүлүк аянтында «Эркин асман» деген билдирүү менен концерт берди.

Бириккен Улуттардын Уюмунун билим, илим жана маданият боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) тынчтык артисти Герман Макаренко башчылык кылган оркестр Украинанын гимни менен бирге бир нече композицияларды ойноду.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштиаган.



Тектеш кабарлар