Кулеба: «Жолугушуу Чавушоглунун демилгеси менен өткөрүлөт»

Украинадагы Юниан кабар агенттигинин маалыматына караганда министр Кулеба телекөрсөтүү аркылуу түз эфирде Лавров менен сүйлөшүү үстөлүнө отура турганын айтты.

1792342
Кулеба: «Жолугушуу Чавушоглунун демилгеси менен өткөрүлөт»

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба, 10-мартта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен өткөрүлүшү пландалган жолугушуунун биринчи кезекте Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун негизинде ишке ашарын билдирди.

Украинадагы Юниан кабар агенттигинин маалыматына караганда министр Кулеба телекөрсөтүү аркылуу Лавров менен сүйлөшүү үстөлүнө отура турганын айтты.

Кулеба: «10-мартта өткөрүлүшү пландалган жолугушуу биринчи кезекте Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун негизинде өткөрүлөт. (Президент Режеп Таййип) Эрдоган, (Орусиянын президенти Владимир) Путин же Чавушоглу Лавровду көндүрдүбү билбейм бирок жолугушуу болот»,- деди.

Лавровдун эки жылдан бери эки тараптуу же Нормандия төрттүгү форматында аны менен ар кандай жолугушуулардан качканын белгилеген украиналык министр: «Азыр дароо макул болду, балким бир нерсени айткысы келип жаткандыр. Биз угабыз бирок Сергей Лавровдун Украинага каршы агрессиянын архитекторлорунун бири экени түшүнүгү боюнча мен аны менен сүйлөшөм»,-деди.

Жолугушууда оккупацияланган Крым жана Донбасс күн тартибине кирбейби деген суроого Кулеба, өлкөсүнүн сүйлөшүүлөрдө бир нерседен баш тарта турган абалда эмес экенин айтты.

Тышкы иштер министри Чавушоглу орус кесиптеши Лавров жана украиналык кесиптеши Кулеба менен 10-мартта Антальяда үч тараптуу саммит өткөрө тургандарын жарыялаган.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу.



Тектеш кабарлар