Европа Биримдигинен Украинадан качкандарга убактылуу коргонуу жана баш калкалоо укугу берилет

Кризистик башкаруу боюнча жооптуу мүчө Янез Ланерчич да мурда жарыяланган 500 миллион евролук жардам тууралуу кенен маалымат берди.

1792378
Европа Биримдигинен Украинадан качкандарга убактылуу коргонуу жана баш калкалоо укугу берилет

Европа Биримдиги  Комиссиясынын төрагасы Маргаритис Шинас Европа Биримдигинин Украинадан качкан ар бир адамга убактылуу коргоону жана баш калкалоо үчүн кайрылуу  укугун берерин билдирди.

Кризистик башкаруу боюнча жооптуу мүчө Янез Ланерчич да мурда жарыяланган 500 миллион евролук жардам тууралуу кенен маалымат берди.

Европа Биримдиги  Комиссиясынын ички иштерден жооптуу мүчөсү Йлва Йоханссон жана кризисти башкаруудан жооптуу мүчөсү Янез Ланерчич менен биргелеше маалымат жыйын өткөргөн Шинас, Украинада жашаган жана согуштан качкандардын баарына «улуту, этникалык теги же терисинин түсү эмне болсо болсун» убактылуу коргонуу жана бул убакыттын ичинде Европа Биримдигинде саламаттыкты сактоо жана билим алуу, иштөө мүмкүнчүлүгүнүн берилерин айтты.

Йоханссон бул адамдардын  кийинчерээк баш калкалоо   укугуна ээ болорун баса белгиледи.

Бул жардамдын азыркы учурда Украинадан эвакуацияланган студенттер же өлкөдө кыска мөөнөттүү жашагандар үчүн жарактуу эмес экендигин айткан Йоханссон : «Аларды кубануу менен кабыл  алабыз. Аларды эвакуациялашыбыз керек бирок ошол эле учурда өз өлкөлөрүнө кайтуулары керек»,- деди.

Йоханссон Европа Биримдигинин 12 күндө 2 миллион качкын менен бетме  - бет келгендигин айтып : "Бул Европа Биримдиги  2015 жана 2016 - жылдары кабыл алган качкындардын жалпы санына барабар жана дагы көп келет. (Орусиянын президенти Владимир) Путин токтобойт" ,- деди.

Ланерчич да  Европа Биримдиги Комиссиянын төрайымы Урсула фон дер Лейен жарыялаган 500 миллион евро жардамы тууралуу маалымат берди.

Еврпа Биримдигинин бюджетинен бул көлөмдүн 85 миллионунун Украина жана 5 миллионунун да Молдовада колдонуу үчүн 90 миллион евронун гуманитардык жардам, азык  - түлүк, суу, саламаттыкты сактоо, баш калкалоо жана коргоосуз адамдардын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн колдонулгандыгын  айткан Ланерчич бул жардамдын Европа Биримдигинин Жарандык коргоо механизминин чукул абалга жооп катары ушул кезге чейин берген эң чоң сумма экендигин баса белгиледи.

Жардамдын калганын унаалар, медициналык аптечкалар, чатырлар, жууркан - төшөктөр жана уктоочу баштыктарды Украинадагы муктаждарга жеткирүүгө жумшалаары, ошондой эле Польша менен Словакиядагы согуштан качкандардын бардыгына колдоо көрсөтүлөрү айтылды.

Европа Биримдигине  мүчө мамлекеттерди колдоо үчүн кошумча персонал жана адистикти камсыздагандыгы, Европа Биримдиги -Украина жана Молдова - Украина чек араларында, Румыния жана Молдовада  Frontex кызматкерлеринин жайгаштырылгандыгы, Европа Биримдигинин бардык мүчө өлкөлөргө  2014 – 2020 - жылдар аралыгында 420 миллион евролук жардам мөөнөтүнүн узартылгандыгы белгиленди.  



Тектеш кабарлар