Украина, Молдова жана Грузиянын мүчөлүк арыздары

Украина, Молдова жана Грузия Евробиримдикке мүчө болуу үчүн арыздарын өткөн аптада Орусиянын Украинага чабуулу учурунда тапшырышкан.

1791595
Украина, Молдова жана Грузиянын мүчөлүк арыздары

Европа Биримдиги (ЕБ) Украина, Молдова жана Грузиянын Биримдикке мүчөлүк арыздарын карап чыгууга даярданууда.

Европа Биримдигинин кезектеги төрагасы Франциядан берилген маалыматка караганда, мүчө өлкөлөрдүн элчилери кечээ кечинде үч өлкөнүн арыздары боюнча ЕБ комиссиясынын корутунду берүүсү үчүн макулдашууга жетишти.

Ушундайча мүчөлүк арызынан кийин техникалык процесстин биринчи кадамы ташталган болду.

Европа Биримдигине талапкер болуу үчүн узакка созулган процесстин башталышы болгон бул кадамдын аягында ЕБ өлкөлөрү эң жогорку саясий деңгээлде чечимдерди кабыл алуу менен талапкерлик бере алышат.

Бул Евробиримдиктин бардык өлкөлөрүнүн макулдугун талап кылат.

Украина, Молдова жана Грузия Евробиримдикке мүчө болуу үчүн арыздарын өткөн аптада Орусиянын Украинага чабуулу учурунда тапшырышкан.

Үч өлкөнүн өтүнмөлөрүнүн 10-11-мартта Франциянын жетекчилигинде Версаль сарайында жолугуша турган мүчө мамлекеттердин лидерлери тарабынан талкууланышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар