Россия жана Ирандын тышкы иштер министрлери сүйлөшүү өткөрүштү

Сүйлөшүүдө Сирия маселеси жана Украинадагы абал баш болгон эл аралык жана аймактык маселелер да талкууланды.

1791475
Россия жана Ирандын тышкы иштер министрлери сүйлөшүү өткөрүштү

 Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ирандын тышкы иштер министри Хусейин Эмир Абдуллахиян менен Украинадагы кырдаалды талкуулады.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Лавров менен Абдуллахияндын телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгү белгиленди.

Билдирүүдө Австриянын борбор шаары Венада уланып жаткан сүйлөшүүлөрдүн алкагында Ирандын өзөктүк келишими талкууланганы белгиленип, бул келишимдин кайра жанданышы бардык тараптардын кызматташтыкты өнүктүрүүдө бирдей укуктарга ээ болушун камсыздоосу керектиги баса белгиленди.

Сүйлөшүүдө Сирия маселеси жана Украинадагы абал баш болгон эл аралык жана аймактык маселелер да талкууланды.



Тектеш кабарлар