Орусия: "Украинада АКШнын биологиялык лабораториялары бар"

Игорь Кириллов, АКШнын Украинадагы аскердик биологиялык программасы тууралуу билдирүү жасады.

1791302
Орусия: "Украинада АКШнын биологиялык лабораториялары бар"

Орусиянын Коргоо министрлиги, Украинада Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) тиешелүү 30 биологиялык лаборатория бар экенин билдирди.

Орусиянын Аскердик күчтөрүнө таандык Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу күчтөрүнүн командири Игорь Кириллов, АКШнын Украинадагы аскердик биологиялык программасы тууралуу билдирүү жасады.

АКШнын Коргоо министрлиги Пентагондун мурдагы Советтер Союзунун аймагында аскердик биологиялык программаларды ишке ашырганын белгилеген Кириллов: "Украинада 30 биологиялык лабораториялардын тармагы түзүлдү. Алар илимий изилдөө жана санитардык-эпидемиологиялык деп эки түргө бөлүнөт. Бул долбоорлорду аскердик мекемеге караштуу Black and Veatch компаниясы жүргүзүүдө",-деди. 

Аталган лабораториянын Украинанын Львов, Харьков жана Полтава шаарларында жайгашканын жана жок кылынганын маалымдаган Кириллов, бул жерде чума, сибирь жарасы, бруцеллез, дифтерия, сальмонеллез, дизентерия ооруларынын козгогучтарынын издери табылганын айтты.

Кириллов Украинадагы мындай программалардын тез арада жок кылынганын кошумчалады.



Тектеш кабарлар