Нидерландиядан Словакияга "Патриот" абадан коргонуу системасы жана аскер

Коргоо министри Кайса Оллонгрен билдирүү жасады.

1791940
Нидерландиядан Словакияга "Патриот" абадан коргонуу системасы жана аскер

Нидерланд өкмөтү Словакияга "Patriot" абадан коргонуу системасын жана 150 аскерин жөнөтөрүн жарыялады.

Коргоо министри Кайса Оллонгрен Орусия-Украина согушуна байланыштуу министрлер кеңешинин жыйынынан кийин жасаган билдирүүсүндө, Нидерландиянын Словакияга "Патриот" абадан коргонуу системасы менен 150 аскерин жөнөтө турганын айтты.

Бул чечимдин «НАТОнун (Европа) чыгыш канатын күчтөндүрүү максатында кабыл алынганын» белгилеген Оллонгрен: "Немистер менен бирге Словакияда абадан коргонууну камсыз кылуу боюнча принципиалдуу чечим кабыл алдык. Бул биз азыр туш болуп жаткан түздөн-түз коркунуч үчүн абдан маанилүү",- деди.



Тектеш кабарлар