"Йемен аялдар үчүн эң татаал өлкөлөрдүн бири"

Европа Биримдигинин (ЕБ) Йемен миссиясынын төрагасынын орун басары Марион Лиссе 8-Март Эл аралык аялдар күнүнөн улам жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Йемендеги аялдардын абалына токтолду.

1791445
"Йемен аялдар үчүн эң татаал өлкөлөрдүн бири"

Йемендин аялдар үчүн эң татаал өлкөлөрдүн бири экени айтылды.

Европа Биримдигинин (ЕБ) Йемен миссиясынын төрагасынын орун басары Марион Лиссе 8-Март Эл аралык аялдар күнүнөн улам жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Йемендеги аялдардын абалына токтолду.

"Йемен дүйнөдөгү аялдар үчүн эң татаал өлкөлөрдүн бири",-деген Лиссе аялдар менен эркектердин экономикага бирдей катышуусунун өлкөдөгү тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү экенин айтты.

Европа Биримдигинин йемендик аялдардын ар тармакта күчтөндүрүлүшүнө чоң маани бергенин баса белгилеген Лиссе, Европа Биримдигинин Йемендеги бардык долбоорлорунун өзгөчө аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталганын айтты.

Йемендеги Иран колдогон хуситтер 2014-жылдын сентябрынан бери борбор Сана жана кээ бир аймактарды көзөмөлдөп турушат. Сауд Арабия жетектеген коалиция күчтөрү 2015-жылдын март айынан бери хуситтерге каршы Йемен өкмөтүн колдоп келет.

Өлкөдө 7 жылга жакын убакытка созулган кагылышууларда 377 миңдей адам каза болду. Эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирген Йемендеги жарандык согуштан улам күчөгөн гуманитардык кризис коркунучтуу өлчөмдөргө жетти.



Тектеш кабарлар