Эквадордо куралдуу кол салуу болду
Кол салууда 7 киши каза болуп, 3 киши жараланды.
1791527
Эквадордун түштүк - батышында болгон куралдуу кол салууда 7 киши каза болуп, 3 киши жараланды.
Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, Гуаякил шаарында бир үйдүн алдындагы топко эки унаа автоматтык куралдар менен ок аткан.
Окуя болгон жерде 7 адам каза болгон алардын ичинен экөөсү аял жана 3 адам жаракат алган.
Прокуратура масштабдуу иликтөө иштеринин башталганын жарыялап, окуянын себептери иликтенүүдө.