Украинадагы Орусия кол салуулары

Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинада 2 миң 119 аскерий инфраструктура объектиси талкаланганын билдирди.

1790366
Украинадагы Орусия кол салуулары
Ukrayna_Xerson_hərbi baza.jpg
Rusya Ukrayna'da Askeri Altyapı Tesisi İmha.jpg

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Херсон аймагындагы аскердик базаны көзөмөлгө алганын жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүндө, орус аскерлеринин Херсон облусунун Раденск айылына жакын жердеги Украина аскерий базасын көзөмөлгө алганы билдирилди.

Билдирүүдө, «Украина аскерлери аскердик-техникалык каражаттар, курал-жарактар жана  базаны таштап, позицияларынан тез чыгып кетишти»,делди.

Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинада 2 миң 119 аскерий инфраструктура объектиси талкаланганын билдирди.

Маалымат катчысы Конашенков:«Операция башталгандан бери украин армиясынын 2119 аскердик инфраструктуралык объектилери жок кылынды. Алардын ичинде 74 башкаруу жана байланыш борбору, 108 абадан коргонуу ракеталык системасы S-300, Бук М-1, Оsа жана 68 радар станциясы бар»,-деди.

Булардан тышкары 69 согуштук учактын кургактыктан, 21 согуш учагынын абада атып түшүрүлгөнүнө көңүл бурган Конашенков, 748 танк жана бронетехника, 76 көп стволдуу ракета аткычтар, 274 артиллерия жана миномет, 532 атайын аскердик унаа жана 59 учкучсуз учуучу аппараттын жок кылынганын белгиледи.

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө 24-февралдан 6-мартка чейин Украина менен Орусиянын ортосундагы согушта каршы тараптын жоготуулары боюнча маалыматтын жаңыртылганы жарыяланды.

Билдирүүдө 11 миңден ашуун орус аскеринин каза болгондугу, 44 учак, 48 тик учак, 285 танк, 985 броне унаа, 109 артиллериялык система, 447 унаа, 60 күйүүчү май цистернасы жана 4 учкучсуз учуучу аппарат жок кылынганы маалымдалды.

Орусиянын Украинада баштаган согушунан улам өлкөдөгү инфраструктура объектилери да зыянга учурады.

Украинанын Газ өткөргүч система оператору (GTSOU) кол салуулардан улам Киев, Харьков, Николайев, Запорожье, Донецк жана Луганск шаарларындагы 16 жаратылыш газ бөлүштүрүүчү станцияны жабууга мажбур болгонун билдирди.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников Фейсбуктагы баракчасында өлкөнүн экономикасы согуш абалында экенин билдирип: «Заводдор жана өндүрүш объектилери аскердик буйруктарды аткарып, техникаларды оңдоп, аскердик олжолорду куралга айландыруу иштерин улантууда»,-деп жазды.

Резников согуш жүргүзүү үчүн өлкөдөгү заводдордун ар бири иштеши керек жана алардын жардамы зарыл экендигин белгиледи.

Киевге жакын стратегиялык мааниге ээ болгон Ирпинде украин жана орус күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу уланууда.

Кагылышуулардан улам аймакта катуу жардыруулар болуп жатканда, жарандар эвакуацияланууга аракет кылууда.



Тектеш кабарлар