Кулеба Гутерриш жана Блинкен менен сүйлөштү

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш жана АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен сүйлөштү.

1790459
Кулеба Гутерриш жана Блинкен менен сүйлөштү
blinken-kuleba.jpg
ukrayna insani yardim.jpg

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен өлкөсүнө гуманитардык жардам көрсөтүү аракеттери тууралуу телефон аркылуу сүйлөштү.

БУУнун баш катчысынын Басма сөз катчылыгынын жазуу түрүндөгү жарыясында Гутерриштин Кулеба менен БУУнун Украинанын ичиндеги жана тышындагы гуманитардык жардам операцияларына баа бергени белгиленди.

Билдирүүдө баш катчынын гуманитардык жардам операцияларын көбөйтүүгө убада бергени жана эки өлкөнүн жарандардын, анын ичинде чет элдиктердин согуш аймактарынан коопсуз эвакуацияланышы үчүн шарттарды талкуулаганы белгиленди.

Бир тараптан Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да Польшада Украинанын тышкы иштер министри Кулеба менен жолугушту.

Блинкен Твиттердеги баракчасында Кулеба менен болгон жолугушуусунун сүрөттөрүн бөлүштү.

Блинкен:«Ал жана (Украинанын президенти Владимир) Зеленский көрсөткөн лидерлик жана эрдик укмуштуудай. Америка Кошмо Штаттары жана дүйнө алар менен жана украин эли менен бирге болушун улантат»,-деди.

Украина менен тилектештикти көрсөтүү үчүн аймакка барган Блинкендин кесиптеши Кулеба менен чек арада күчөтүлгөн коопсуздук чаралары астында жолугуп, Киевге дагы көп курал-жарак жардамдары менен Орусияга эл аралык кысымды күчөтүүнү сүйлөшкөндөрү белгиленди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган.



Тектеш кабарлар