Блинкен : "Украинада учууга тыюу салынган аймакты түзө албайбыз"

Блинкен, Россиянын Украинадагы кол салууларынын барган сайын жарандардык  жоготуулардын көбөйүшүнө себеп болгонун баса белгиледи.

1790234
Блинкен : "Украинада учууга тыюу салынган аймакты түзө албайбыз"

Америка Кошмо Штаттарынын  мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Россия  менен согушуу коркунучунан улам Украинада учууга тыюу салынган аймактын түзүлүшү мүмкүн эмес экенин айтты.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Биримдигинин  өкүлдөрү менен жолугушкандан  кийин билдирүү жасаган Блинкен, Россиянын Украинадагы кол салууларынын барган сайын жарандардык  жоготуулардын көбөйүшүнө себеп болгонун баса белгилеп : "Дүйнө Россиянын Сирияда кандай тактиканы колдонгондугун көрдү",- деди. Блинкен Украинага карата кол салуулардан кийин Россия менен Батыштын ортосундагы абал тууралуу : "Россия бүгүн эч болбогондой изоляцияланды, биз болуп көрбөгөндө биримдиктебиз", - деди. 

Украинада учууга тыюу салынган аймакты түзүү боюнча суроого жооп берген Блинкен : "Украина калкына болгондой эле бул согуштун Украина тышына жайылбашы үчүн да жооптуубуз. Учууга тыюу салынган аймакты жарыялоонун бир гана жолу орус учактарын атуу, бул да  кенен масштабдуу согушка жол ачышы мүмкүн. Байдендин да айтканында Россия менен согушка кире албайбыз",- деди. 

Блинкен Украинага өткөн жылы болжол менен 1 миллиард долларлык коргонуу жардамын бергендерин жана жакында 350 миллион долларлык коргонуу жардамын жарыялашкандарын айтты.

"Биз украиндер өз өлкөсүн коргошу үчүн бардыгын аткарып жатабыз», - деген Блинкен  ошондой эле жакында Украинага болжол менен 250 миллион долларлык курал - жарак жеткирилгенин билдирди.

Ошол эле учурда Энтони Блинкен Украина Россияга каршы согушта жеңешке жете аларын билдирди.

Блинкен Би-Би-Сиге берген маалыматында Россия-Украина согушундагы акыркы абалга баа берди.

Кагылышуулардын канчага созулаарын билбегенин баса белгилеген Блинкен : «Мен Украина Россияга каршы согушта жеңет деп ишенем», -  деди.

Блинкен Украина калкынын күрөшүн кубаттап : «Эгерде Россиянын максаты өкмөттү кулатуу жана өзүнүн кукла режимин куруу боло турган болсо буга 45 миллион калктуу Украина каршы чыгар",- деди.

Согуштун орустардын каалагандай кетпегендигин айткан Блинкен эл аралык коомчулуктун Украинага жардам берүү үчүн колунан келген бардык нерсени аткарып, Россия баштаган согушту акырына чыгаруу үчүн кысым жасаларын айтты.

Орус күчтөрүнүн жарандарга каршы барган сайын «ырайымсыз ыкмаларды» колдонуп жатканын баса белгилеген Блинкен :"Бизди кооптондурган нерсе - согуштун андан ары күчөшү. Россия Украинанын электр, суу жана газ тармактарын бутага алып жатканын көрүп жатабыз. Бул ыкмаларды мындан кийин да  көрүшүбүз мүмкүн",- деди.  

АКШнын Россиядагы башкарууну алмаштыруу менен Украинанын оккупациясын токтотууга аракет кылбай турганын белгилеген Блинкен, мунун өздөрүнүн иши эмес экендигин,  орус элинин өз лидерлигин өзү чече аларын айтты.

 

 



Тектеш кабарлар