Россиянын Украинадагы кол салуулары

Орус армиясынын Чернигов шаарына абадан кол салуусунда 33 жаран каза болду.

1789468
Россиянын Украинадагы кол салуулары

Орус армиясынын Украинанын борбор шаары Киевдин түндүк-чыгышында жайгашкан Чернигов шаарына абадан кол салуусунда 33 жаран каза болду.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын билдирүүсүндө, орус армиясынын Черниговдогу жарандык түзүмдөргө абадан сокку ургандыгы билдирилди.

Билдирүүдө айрым имараттар талкаланып, урандылардын астынан 33 кишинин сөөгүнүн чыгарылгандыгы айтылды.

18 жарандын жараланганы белгиленген билдирүүдө кол салуулардын күчөшүнөн улам издөө-куткаруу иштеринин токтотулганы маалымдалды. 

Орус армиясы кечээ эртең менен Чернигов шаарында күйүүчү май куюлган цистерналарга сокку урду.

Бир тараптан орус танктарынын Украинанын түштүк-чыгышындагы Запорожье атомдук станциясына жакын бир шаарчага киргени белгиленди.

Ички иштер министрлигинин булактары орустар шаарды басып алганын ырасташты. Запорожье атомдук электр станциясы Европадагы эң чоң жана дүйнөдө 10- атомдук электр станциясы катары белгилүү.

24-февралда башталган Россия-Украина согушунун алгачкы күндөрүндө Украина орус аскерлери менен айыгышкан салгылашуудан кийин өлкөнүн түндүгүндөгү Чернобыль атомдук станциясын көзөмөлдөй албай калган.

Өлкөдөгү 4 мекемеде 15 активдүү өзөктүк реактору бар, Украина электр энергиясынын жарымына жакынын ушул станциялардан камсыздайт.

Ошол эле учурда эрте мененки сааттарда борбор шаар Киевде  жарылуу үчүн угулду. Жетекчилер жарылуу тууралуу азырынча маалымат бере элек. 

Орус армиясынын борбор шаар Киевдин түндүк  - чыгышындагы Чернигов шаарына кечээ жасалган абадан кол салууда 33 жаран каза болду. 

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын билдирүүсүндө, орус армиясынын Черниговдогу жарандык түзүмдөргө абадан сокку ургандыгы билдирилди.

Билдирүүдө айрым имараттар талкаланып, урандылардын астынан 33 кишинин сөөгү табылганы айтылды.

18 жарандын жараланганы белгиленген билдирүүдө кол салуулардын күчөшүнөн улам издөө - куткаруу иштеринин токтотулганы белгиленди.

Орус армиясы кечээ эртең менен Чернигов шаарында күйүүчү май куюлган цистерналарга сокку урган.

 

 



Тектеш кабарлар