Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы

Украинанын өкүлү, сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасынын жакын арада өткөрүү темасында макулдашылганын жарыялады.

1789498
Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы

Орус-украин делегацияларынын карапайым калкты эвакуациялоо үчүн жалпы гуманитардык коридорду камсыздоо боюнча макулдашууга жетишкендери билдирилди.

Орусиянын Украинага кол салууларынын 8-күнүндө тараптардын экинчи сүйлөшүүлөрү кечээ Беларустун Брест шаарында өткөрүлдү.

Орус делегациясын Орусиянын президентинин кеңешчиси Владимир Мединский, ал эми украиналык делегацияны Украинанын президентик аппаратынын башчысынын орун басары Михаил Подоляк жетектешти.

Украинанын өкүлү, сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасынын жакын арада өткөрүү темасында макулдашылганын жарыялады.

Ошондой эле эки тараптын жарандарды эвакуациялоо үчүн жалпы гуманитардык коридор түзүүнү макулдашканын белгиледи.

Буга ылайык, келишим жарандардын эвакуацияланышында ыктымалдуу убактылуу ок атышпоону да камтууда.

Украин жана орус делегацияларынын Орусия-Украина согушу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы Беларустун Украина менен чектешкен Гомель облусунда 28-февралда өткөрүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар