Энерходардагы атомдук станцияда өрт чыкты

"Чернобылдан 10 эсе чоң коркунуч пайда болду"

1789490
Энерходардагы атомдук станцияда өрт чыкты

Украинада Россиянын күчтөрү жакындаган Европанын эң чоң станциясы Запорожье атомдук станциясында кагылышуулардын натыйжасында өрт чыкты.

Станциянын коопсуздук камераларынын YouTube аркылуу берилген түз эфиринде түнкү сааттарда станция аянтында жарылуулар жана бири – бирине карата ок атуу жарыктары көрүндү. Жарылуулардан кийин станция аймагынан түтүндүн чыкканы камераларга чагылды.

ТЭЦ жайгашкан Энерходар шаарынын мэри Дмитрий Орлов  билдирүүсүндө электр станциясына жасалган чабуулдарды тез арада токтотууга чакырды.

"Чернобылдан 10 эсе чоң коркунуч пайда болду"

Украинанын тышкы иштер министри Кулеба : "Эгер Запорожье атомдук станциясы жарылса, Чернобылдан 10 эсе чоң коркунуч жаралат",- деп эскертти.



Тектеш кабарлар