АКШ : "Учуга тыюу салган аймак Россия менен согушка себеп болот"

АКШ  Украина аркылуу учууга тыюу салынган аймак түзүү кадамын Россия менен согушка жол ачышы мүмкүн деген негиз менен таштабай тургандыгын билдирди.

1789643
АКШ : "Учуга тыюу салган аймак Россия менен согушка себеп болот"

АКШ  Украина аркылуу учууга тыюу салынган аймак түзүү кадамын Россия менен согушка жол ачышы мүмкүн деген негиз менен таштабай тургандыгын билдирди.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Украина аркылуу   учууга тыюу салынган аймак түзүү чакырыгына жооп катары мындай аймактын Россия менен түздөн түз согушка алып келиши мүмкүн экендигин жана  муну пландабагандарын айтты.

Жен Псаки Ак үйдөгү пресс  -  жыйынында : «Украина аркылуу учууга тыюу салынган аймактын түзүлүшү, мунун ишке ашрылышын талап кылат. Негизи Америка аскерлери орус учактарын атып түшүрүшү керек жана бул да АКШ менен Россиянын ортосунда түздөн түз  согушка алып келиши мүмкүн. Биз муну каалайбыз»,- деди.

Псаки 24 -  февралда башталган Украина согушунан улам Россиянын БУУнун Коопсуздук Кеңешинен чыгарылышына байланыштуу чакыруу тууралуу : «Азыркы учурда мунун мүмкүн эместигин ойлоп жатабыз»,- деди.

АКШнын Россияга карата экономикалык санкцияларынын алкагында орус мунайынын импортуна тыюу салуу чакырыктарына жооп берген Псаки мунун АКШда газ баасын жогорулата турганын айтты. Катчы : «Биз Россияга экономикалык кысым жасап, күйүүчү май бааларынын  өсүшүн каалабайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар