Украинадагы кол салуулардын кесепети

Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка байланыштуу маалыматтарды бөлүштү.

1789073
Украинадагы кол салуулардын кесепети

Орусиянын Коргоо министрлиги, Украинада жалпысынан 1612 аскердик объектинин жок кылынганын билдирди.

Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков борбор шаар Москвада журналисттерге жасаган билдирүүсүндө, Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка байланыштуу маалыматтарды бөлүштү.

Орус армиясынын Украинада алдыга жылышын улантканын белгилеген Конашенков, Мариупол шаарынын айланасындагы курчоонун кыскарганын айтты.

Конашенков: "Орус аскер күчтөрү Виноградная, Сартака, Водяное, Чистополье, Новополтавка конуштарын, ошондой эле Балаклия шаарын көзөмөлгө алды", - деди.

Украинанын аскердик инфраструктура объектилерин жок кылууну уланткандарын белгилеген Конашенков, борбор шаар Киевдин Лиса Хора аймагындагы технологиялык радио жана телекөрсөтүү борборуна сокку ургандарын маалымдады. 

Конашенков: «Операция башталгандан бери жалпысынан 1612 аскердик инфраструктура объектилери жок кылынды. Алардын арасында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 62 башкаруу жана байланыш борбору, 39 “С-300” абадан коргонуу системасы, “Бук М-1” жана “Оса”, 52 радар станциясы бар»,-деп айтты.

Конашенков Украина армиясына таандык жалпы 62 учак, 606 танк жана бронетехника, 67 ракета аткыч, 227 минометтук артиллерия, 405 атайын аскердик унаа жана 53 учкучсуз учуучу аппараттын жок кылынганын билдирди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу.



Тектеш кабарлар