Тайванда электр жарыгынын өчүрүлүшүнөн 5 миллион үй-бүлө таасирленди

Борбор шаар Тайбэй баш болгон аралдын көпчүлүк бөлүгүндө электр жарыгы жок экени айтылды.

1789038
Тайванда электр жарыгынын өчүрүлүшүнөн 5 миллион үй-бүлө таасирленди

Тайвандагы электр станциясындагы авариядан улам 5 миллион үй-бүлөнүн таасирленгени билдирилди.

Британ BBC телеканалынын кабарына караганда, экономика министри Ван Мэйхуа авариянын Тайвандын түштүгүндөгү электр станциясында болгонун белгиледи.

Министрликтин маселени тез арада чече турганын белгилеген Ванг, борбор шаар Тайбэй баш болгон аралдын көпчүлүк бөлүгүндө электр жарыгы жок экенин айтты.

Ван электр энергиясынын өчүрүлүшү үчүн жарандардан кечирим сурады.

Электр жарыгынын өчүрүлүшүнөн болжол менен 5 миллион үй-бүлөнүн таасирленгени кабарланды.



Тектеш кабарлар