Путин Беннетт жана Моди менен сүйлөштү

Кремль сарайынан жасалган билдирүүдө, өз-өзүнчө телефон сүйлөшүүсүндө «Орусиянын Донбассты коргоо үчүн жүргүзгөн атайын аскердик операциянын» сүйлөшүлгөнү белгиленди.

1788969
Путин Беннетт жана Моди менен сүйлөштү
putin-modi.jpg

Орусиянын президенти Владимир Путин Израилдин премьер-министри Нафтали Беннетт жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен сүйлөштү.

Кремль сарайынан жасалган билдирүүдө, өз-өзүнчө телефон сүйлөшүүсүндө «Орусиянын Донбассты коргоо үчүн жүргүзгөн атайын аскердик операциянын» сүйлөшүлгөнү белгиленди.

Путин менен Беннетттин сүйлөшүүсүндө, ал Орусиянын Украина боюнча позициясын түшүндүргөнү белгиленип,«Путин Орусиянын коопсуздук кызыкчылыктарын эч кандай шартсыз эске алууну, Украина мамлекетин милитаризмден жана нацизмден тазалоону, Украинанын бейтарап жана ядролук эмес статусун камсыздоону, Крымдагы Орусиянын суверенитетин жана  Донецк жана Луганск элдик республикалары деп аталган жерлердин көз карандысыздыгын таанууну жактаган позициясын жыйынтыктады»,деген билдирүүлөр камтылган.

Путин-Моди сүйлөшүүсүндө Индиянын жарандарын Украинадан эвакуациялоо маселеси талкууланганы кабарланды.

Бардык керектүү көрсөтмөлөр берилгенин жана орус армиясы Индия жарандарынын кагылыш болгон аймактан аман-эсен чыгарылып, мекенине кайтып келиши үчүн колдон келгендин баарын жасап жатканын белгилеген Владимир Путин: «Акыркы маалыматтарга караганда, бул студенттерди украин коопсуздук күчтөрү барымтага алып, аларды тирүү калкан катары пайдаланып, Орусиянын жерине баруусуна ар кандай жол менен тоскоол болууда. Мындай учурда жоопкерчилик толугу менен Киев бийлигинде болот»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар