Орусиядагы нааразылык акциялары

Борбор шаар Москва жана Санкт-Петербург менен бирге ар кайсы шаарларда Орусия-Украина согушуна каршы уруксатсыз нааразылык акциялары өттү.

1788907
Орусиядагы нааразылык акциялары

Орусияда Украина менен 24-февралда башталган согушту токтотуу жана тынчтыкты камсыз кылуу үчүн жети күндөн бери уланып жаткан нааразылык акцияларына жүздөгөн киши катышып, 700дөн ашуун киши камакка алынды.

Борбор шаар Москва жана Санкт-Петербург менен бирге ар кайсы шаарларда Орусия-Украина согушуна каршы уруксатсыз нааразылык акциялары өттү.

Акция башталаар алдында полиция Москванын борборундагы көчөлөрдө жана аянттарда катуу коопсуздук чараларын көрүп, тосмолорду орнотту.

Кире бериши жабык болгон Кызыл аянттын жанына чогулган эл орус өкмөтүнөн Украинадагы согушту токтотуп, тынчтыкты камсыздоону талап кылышты.

32 шаарга жайылган уруксатсыз акцияларда 700дөн ашуун кишинин камакка алынганы кабарланды.

24-февралдан бери өлкө боюнча өтүп жаткан нааразылык акцияларында жалпы 7500дөн ашуун адамдын камакка алынгандыгы маалымдалды. 



Тектеш кабарлар