Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы башталды

Орусиянын Украинага кол салуулары 8-күнү уланууда.

1789385
Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы башталды

Беларустун Брест шаарында орус-украин делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы башталды.

Орусиянын Украинага кол салуулары 8-күнү уланууда.

Баш калаа Киевде көп жерде тирешүү уланып жатканда, делегациялар эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы үчүн чогулду.

Сүйлөшүүлөр башталганы жарыяланды.

Украинанын сүйлөшүү тобунун мүчөсү Давид Арахамия Facebook социалдык тармагындагы билдирүүсүндө башка маселелерге өтүүдөн мурда Киевдин приоритети гуманитардык коридорлорду түзүү болорун айтты.

Орусия менен Украинанын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн 1-айлампасы 28-февралда Беларустун Украина менен чектеш Гомель облусунда болуп, бирок жыйынтык чыккан жок. Делегациялар сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашты.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган.



Тектеш кабарлар