Орусия Киевдин борбордук жылытуу системасына сокку урду

Ички иштер министри Антон Геращенко Орусия Киевдин борбордук жылытуу системасына сокку урганын билдирди.

1788782
Орусия Киевдин борбордук жылытуу системасына сокку урду

Украинанын баш калаасы Киевде сиреналар жаңыргандан кийин чоң жарылуунун үнү угулду.

Ички иштер министри Антон Геращенко Орусия Киевдин борбордук жылытуу системасына сокку урганын билдирди.

Аймактан миңдеген адамдар эвакуацияланып жатканда Киевдин бир бөлүгү жылуулуксуз калышы мүмкүн экени айтылды.

Орус аскерлеринин борборго жакындап келе жатканын уккан шаар тургундары күндүзү үйлөрүн таштап, коопсуз деп эсептеген жерлерге баш калкалаган.

Кээ бир адамдар унаа токтотуучу жайларга, башкалары метро станцияларына барышты.

Орусиянын ракеталары кечээ шаардагы теле мунарага тийген.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага кол сала баштаган.



Тектеш кабарлар