IOM Украинадан качкан чет элдик жарандарга карата «дискриминацияны» сындады

Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) караштуу Эл аралык миграция уюмунун (IOM) башкы директору Антонио Виторино,Украинадан чыгып кеткен чет элдик жарандардын коңшу өлкөлөрдө ксенофобия, зомбулук жана дискриминацияга дуушар болгондугу тууралуу кабарларга токтолду

1789373
IOM Украинадан качкан чет элдик жарандарга карата  «дискриминацияны» сындады

Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) караштуу Эл аралык миграция уюмунун (IOM) башкы директору Антонио Виторино, Орусия-Украина согушунан улам Украинадан чыгып кеткен чет элдик жарандардын алар баш калкалаган өлкөлөрдө дискриминация жана расисттик мамилеге дуушар болгондугу тууралуу кабарга реакция жасады.

Виторино жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Украинадан чыгып кеткен чет элдик жарандардын коңшу өлкөлөрдө ксенофобия, зомбулук жана дискриминацияга дуушар болгондугу тууралуу кабарлардын кооптондураарын баса белгилеп: «Расасы, улуту жана иммиграция статусу боюнча дискриминация эч качан кабыл алынбайт. Мен мындай аракеттерге өкүнөм жана тиешелүү өлкөлөрдү айыптоолорду иликтөөгө чакырам»,-деген сөздөргө орун берди.

Виторино кошуна өлкөлөрдүн Украинадан келген бардык иммигранттарга эл аралык адам укуктары мыйзамдарына ылайык өз чек араларына кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуулары керектигин белгилеп: «Коргоо жана тез жардамдар, дискриминация кылынбастан маданиятка ылайыктуу камсыздалышы керек»,-деп билдирди.

Еврокомиссиянын украиналык башпаанек издегендер үчүн Убактылуу коргоо директивасын активдештирүүсүн колдогон Виторино:« IOM эл аралык деңгээлде таанылган Мигранттарды чыр-чатактарда жана табигый кырсыктарда коргоо боюнча жоболорго ылайык Украинадагы гуманитардык муктаждыктарга жана кризиске комплекстүү жооп берүүдө БУУнун мүчө-мамлекеттерине жана өнөктөштөрүнө жардам берүүгө даяр»,-деп айтты.

Эл аралык мунапыс уюмунун баш катчысы Агнес Калламард да социалдык медиа эсебинде айрым Европа өлкөлөрүнүн украиналык башпаанек издегендерге карата оң дискриминациясын сынга алды.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган.



Тектеш кабарлар