Ферхан менен Блинкен телефон аркылуу сүйлөшүштү
Сүйлөшүүдө Сауд Арабия менен АКШнын жалпы кызыкчылыктарына ылайык аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Ферхан АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен “эл аралык жана аймактык маселелерди” талкуулады.
Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, бин Ферхан менен Блинкен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүдө Сауд Арабия менен АКШнын жалпы кызыкчылыктарына ылайык аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык карым-катнаштарды чыңдоо мүмкүнчүлүктөрү каралган сүйлөшүүдө, көптөгөн эл аралык жана аймактык маселелер боюнча эки тараптуу координацияны активдештирүү аракеттери, Жакынкы Чыгыштын коопсуздугу менен туруктуулугу жана тынчтык аракеттери да талкууланды.
Блинкен болсо социалдык медиа баракчасынан Бин Ферхан менен Украинадагы кырдаалды сүйлөшкөндөрүн билдирди.
Тектеш кабарлар
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.