YouTube орус каналдарына бөгөт койду

Google тарабынан жасалган билдирүүдө, Орус мамлекетине караштуу RT жана Sputnikтин Youtube каналдарына кирүүгө Европада тыюу салынганы кабарланды.

1788170
YouTube орус каналдарына бөгөт койду

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) технологиялык гиганты Google, Орусия-Украина согушунда Орусиянын “пропаганда жана туура эмес маалымат таратуусунун” алдын алуу үчүн Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттары RT жана Sputnikтин Европадагы YouTube каналдарын жапканын жарыялады.

Google тарабынан жасалган билдирүүдө, Орус мамлекетине караштуу RT жана Sputnikтин Youtube каналдарына кирүүгө Европада тыюу салынганы кабарланды.

Бир тараптан Кытайда негизделген TikTok видео бөлүшүү платформасы да ушундай кадамга барып, аты аталган каналдардын Европадагы эсептерин жапты.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага каршы операция баштаган болчу.



Тектеш кабарлар