Путин менен Аль Нахайян Украина кризисин талкуулашты

Сүйлөшүүдө Путин бин Заидге Украина кризисине байланыштуу акыркы абалдар тууралуу маалымат берди.

1787994
Путин менен Аль Нахайян Украина кризисин талкуулашты

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен Орусиянын президенти Владимир Путин Украина кризисин талкуулашты.

БАЭнин расмий WAM агенттигинде орун алган кабарга караганда, Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы бин Заид Орусиянын президенти Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Путин бин Заидге Украина кризисине байланыштуу акыркы абалдар тууралуу маалымат берди.

Бин Заид Украина кризисинин тараптардын улуттук коопсуздук жана кызыкчылыктарынын алкагында тынчтык жолу менен чечилиши керектигин баса белгиледи.

Кризистин чечилиши, глобалдык тынчтык жана коопсуздуктун камсыздалышы үчүн байланыштар менен кеңешүүлөрдүн улантылышы керектигин белгилеген Бин Заид, БАЭнин маселеге саясий чечим табуу үчүн тараптар менен байланышын уланта турганын билдирди.

Сүйлөшүүдө ошондой эле Бириккен Араб Эмираттары менен Орусиянын дүйнөлүк энергетика рыногунда туруктуулукту сактоо боюнча макулдашканы айтылды.



Тектеш кабарлар