Мексикада адам сөөгү болгон 52 баштык табылды
Тлажомулко шаарында үч башка фермада жүргүзүлгөн казууларда адамга таандык экендиги болжолдолгон дене жана сөөк сыныктары табылды.
Мексиканын Халиско штатында адамдын сөөктөрү салынган 52 баштык табылды.
Тлажомулко шаарында үч башка фермада жүргүзүлгөн казууларда адамга таандык экендиги болжолдолгон дене жана сөөк сыныктары табылды.
Мамлекеттик прокуратуранын билдирүүсүндө сөөктөрдүн канча кишиге таандык экенин аныктоо үчүн соттук - медициналык өлүкканага жөнөтүлгөнү айтылды.
Аймакта казуу иштеринин бир канча убакытка чейин улана турганы маалымдалды.
13 - февралда Халиско штатындагы Запопан шаарынан адамдын сөөгү салынган 18 баштык табылган.
Адам укуктары, калк жана миграция боюнча министрдин орун басары Алехандро Энсинас 2006 – 2021 - жылдардын аралыгында Мексикада 82 миңден ашуун адамдын дайынсыз жоголгонун жарыялаган.
Жалиско штатында иш алып барган "Jalisco Next Generation" наркокартели аймактагы эң күчтүү топ катары белгилүү.