ЙПГ/ПКК Сирияда дагы 4 баланы уурдап кетти

Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК Сириянын түндүгүндөгү Айнулараб (Кобани) районунан 14-16 жаштагы дагы 4 баланы куралдуу курамына кошуу үчүн барымтага алды.

1788369
ЙПГ/ПКК Сирияда дагы 4 баланы уурдап кетти

Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК Сириянын түндүгүндөгү Айнулараб (Кобани) районунан 14-16 жаштагы дагы 4 баланы куралдуу курамына кошуу үчүн барымтага алды.

Террорчулар Айнуларабдын батышындагы Эшме айылынан 26-февралда 14 жаштагы Севсен Дервиш менен 16 жаштагы Нисрин Хабашты, 28-февралда Тел Хажеб айылынан 14 жаштагы Мухаммед Мухаммед менен 14 жаштагы Дияр Мухаммедди уурдап барымтага алышкан.

Сириядагы жарандарга карата укук бузууларды документтештирген Сирия Адам Укуктары Тармагы (SNHR) 2021-жылдын 16-декабрында жарыялаган отчетунда, ЙПГ/ПКК Сирияда басып алган аймактарда 2021-жылдын 1-октябрынан 15-декабрына чейин куралдуу курамына кошуу үчүн эң аз 19 баланы уурдап кеткени кабарланган.

АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын 2020-жылдын 26-июнунда жарыялаган «2020-жылы адам аткезчилигинин отчетунда» ЙПГ/ПККнын балдарды согуштурушу да орун алган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам Укуктары Кеңеши 2020-жылдын 16-январында жарыялаган отчетунда ЙПГ/ПКК террористтеринин Сирияда балдарды согушкер катары колдонуп жатканы боюнча жаңы жыйынтыктарды бөлүшкөн.



Тектеш кабарлар