Байден: «Путин катуу жаңылды»

Жо Байден АКШ Конгрессиндеги Өкүлдөр палатасы менен Сенаттын биргелешкен жыйынында биринчи жолу «Биримдиктин абалы» деген баяндамасын жасады.

1788216
Байден: «Путин катуу жаңылды»

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Орусиянын 24-февралдан бери уланып жаткан Украинага кол салуусунан улам өлкөсүнүн аба мейкиндигин бардык орус учактары үчүн жапкандарын жарыялады.

Жо Байден АКШ Конгрессиндеги Өкүлдөр палатасы менен Сенаттын биргелешкен жыйынында биринчи жолу «Биримдиктин абалы» деген баяндамасын жасады.

Орусия-Украина согушуна токтолуу менен сөзүн баштаган Байден: «Орусиянын президенти Владимир Путин өзүнүн коркунучтуу жолдору менен алдыга жыла алам деп ойлоп, эркин дүйнөнүн пайдубалын солкулдата баштады, бирок ал абдан жаңылды. Ал Украинага кирип бараарын жана дүйнө багынып бере турганын ойлоду, бирок ал эч качан ойлобогон дубалга туш болду. Ал украин эли менен бетме-бет келди»,-деди.

Байден орус рублинин киргизген санкцияларынан улам 30 пайыздык наркын жоготконуна, орус биржаларынын 40 пайызын жоготконуна жана биржадагы операциялардын дагы эле токтоп калганына көңүл бурду.

«Орусиянын экономикасы солкулдаган абалда жана буга бир гана Путин күнөөлүү»,- деп айткан Байден: «Бүгүн түнү биз америкалык аба мейкиндигин бардык орус каттамдары үчүн жабуу менен европалык өнөктөштөрүбүздүн катарына кошулуп жатабыз. Бул Орусияны ого бетер изоляциялап, экономикасына көбүрөөк басым жасайт»,-деп өз баасын берди.

Украинага кол салууну «алдын ала пландалган» жана «себепсиз» деп мүнөздөгөн Жо Байден: «Путин анын дипломатиялык аракеттерин четке какты. Ал Батыш менен НАТО жооп бербей турганын жана бизди бөлүп-жаруу мүмкүн деп ойлоду. Путин катуу жаңылды. Биз даяр болчубуз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар