Украиналык министр : "Кадыр - баркыбызды жоготкон жокпуз"

Ички иштер министри абалдын барган сайын оорлошуп бара жаткандыгын да кошумчалады.

1787356
Украиналык министр : "Кадыр - баркыбызды жоготкон жокпуз"

Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский өлкөдө кырдаалдын барган сайын оорлошуп баратканын белгилеп : "Мекенин коргогон ар бир адам күн жана түнгө байланыштуу түшүнүгүн жоготту  бирок   кадыр - баркын жоготкон жок",- деди. 

Денис Монастырский журналисттерге берген маалыматында кечээ Россиянын кол салуусунун 5 - күнү экенине көңүл буруп, өлкөнүн түштүк жана чыгышында кагылышуулардын уланып жатканын айтты. 

Улуттук полиция бөлүктөрүнүн да согушуп жаткандыгын белгилеген Монастырский полициянын позициялардан кеткендигине байланыштуу  кабарлардын жалган экендигин билдирди. Монастрский  : "Чындыгын айтканда өлкөсүн коргогондордун бары күн жана түнгө байданыштуу түшүнүгүн жоготту бирок эч бири кадыр  - баркын жоготкон жок",- деди. 

Ички иштер министри абалдын барган сайын оорлошуп бара жаткандыгын да кошумчалады. 

 

 



Тектеш кабарлар