Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы эртең өткөрүлөт

Биринчи сүйлөшүү кечээ Украина-Беларусь чек арасына жакын аймакта өткөрүлгөн.

1787946
Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы эртең өткөрүлөт

Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы эртең болоору жарыяланды.

Орусиянын мамлекеттик маалымат агенттиги ТАСС Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн эртең улана турганын билдирди. 

Биринчи сүйлөшүү Орусиянын Украинага басып киришинин бешинчи күнү (кечээ) Украина-Беларусь чек арасына жакын аймакта өткөрүлгөн.

6 саатка созулган жолугушуудан кийин билдирүү жасаган Украинанын президенти Владимир Зеленский, Орусия менен сүйлөшүүлөрдө каалаган жыйынтыкка жете албагандарын жарыялаган.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага каршы операция баштаган болчу.



Тектеш кабарлар