НАТОнун Аскердик комитети Украинадагы окуяларды талкуулады

НАТО өлкөлөрүнүн башкы штаб башчылары видеоконференция аркылуу чогулду.

1787569
НАТОнун Аскердик комитети Украинадагы окуяларды талкуулады

НАТО өлкөлөрүнүн башкы штаб башчылары Орусиянын Украинага кол салуусунан кийинки кырдаалды талкуулоо үчүн видеоконференция аркылуу чогулушту.

НАТОнун билдирүүсүндө, НАТОнун Аскердик комитетинин кезексиз жыйынынын адмирал Роб Бауэрдин жетекчилигинде өткөрүлгөнү жана жыйынга НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин да катышканы белгиленди.

НАТОго мүчө 30 өлкөнүн башкы штаб башчыларынын, жарандар менен бирге көп сандаган адамдын өлүмө себеп болгон Орусиянын кол салуусун айыптагандары кабарланды.

НАТОнун Аскердик комитетинин төрагасы адмирал Роб Бауэр жыйынга байланыштуу билдирүүсүндө, көптөгөн НАТО өлкөлөрүнүн Украинага аскердик колдоо жана гуманитардык жардам сунуштаганын, бул темада координациянын маанилүү экенин белгиледи.

Башкы штаб төрагаларынын НАТОнун бардык аймактардагы коргонуу абалына жана кыраакылык иш-аракеттерине баа бергендери маалымдалды. 

Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин НАТО өз тарыхында биринчи жолу жамааттык коргонуу алкагында НАТОнун Жооп кайтаруу күчтөрүн мобилизациялоону жана күч элементтерин Чыгыш Европага жайгаштырууну чечти.

НАТОнун Аскердик комитетинин жыйынына Түркиянын атынан Башкы штабдын төрагасы армия генералы Яшар Гүлердин катышканы билдирилди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага каршы чабуул баштаган болчу.



Тектеш кабарлар