Эгей деңизинде мигранттар болгон кеме кырсыкка учурады

Кырсыкта 7 киши каза болду.

1787669
Эгей деңизинде мигранттар болгон кеме кырсыкка учурады

Эгей деңизинде мыйзамсыз мигранттарды ташыган кеменин чөгүшү менен  7 киши каза болду.

Грециянын мамлекеттик агенттиги AMNAнын кабарына караганда, Лесбос аралында чөккөн кеме  аралдын тургундары тарабынан эртең мененки сааттарда табылган.

Кырсыктан 7 адамдын каза болгондугу,  башка жүргүнчүлөрдүн абалы  азырынча белгисиз.

Жээк коопсуздук бөлүмдөрү аймактагы изилдөөлөрүн улантууда.

 

 



Тектеш кабарлар