Зеленский Европа Биримдигине кошулуу үчүн кайрылуу арызына кол койду
Владимир Зеленский : "Европа Биримдигине мүчөлүк үчүн кайрылуу арызына кол койдум. Мунун чындык экендигине ишенем",- деди.
![Зеленский Европа Биримдигине кошулуу үчүн кайрылуу арызына кол койду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3440/02ed/310d/6217c19f67b1c.jpg?time=1718878591)
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнүн Европа Биримдигине кошулуу үчүн кайрылуу арызына кол койду. Зеленский Телеграм каналынан берген маалыматта : "Европа Биримдигине мүчөлүк үчүн кайрылуу арызына кол койдум. Мунун чындык экендигине ишенем",- деди.
Россиянын Украина калкына каршы согушууну улантып жаткандыгын белгилеген Зеленский : "Россиянын Украинага кол салуусунан бери 4 күндүн ичинде 16 бала каза болуп, 45 бала жаракат алды",- деди.
Батыш өнөктөштөрүнүн Украинага колдоо көрсөтүүнү улантканына көңүл бурган Зеленский Россиянын кол салуулардан улам жоготууга учураганын да айтты. Владимир Зеленский : "4500 орус аскери каза болду. Техникаларыңарды таштагыла жана бул жерден чыккыла. Командирлериңерге жана үгүттөөчүлөрүңөргө ишенбегиле. Жаныңарды куткаргыла",- деди.