Түрк Кызылайынын тобу Украинанын түштүк-батыш чек арасына жетти

Түрк Кызылайынын кызматкерлери Кызыл Кресттин аймактагы топтору менен координация иштерин жүргүзүүдө.

1787016
Түрк Кызылайынын тобу Украинанын түштүк-батыш чек арасына жетти

Орусиянын кол салуусунан улам Украинага гуманитардык жардам алып барган Түрк Кызылайынын тобу өлкөнүн түштүк-батыш чек арасына жетти.

Түрк Кызылайынын билдирүүсүнө караганда, Орусиянын кол салуусунан улам Украинадагы жабыркагандар үчүн жөнөгөн Түрк Кызылайынын тобу Румыниянын "Сирет" чек ара бекетиндеги Украинадан эвакуациялоолорго көз салып, Кызыл Кресттин аймактагы топтору менен координация иштерин жүргүзүүдө.

Украина чек арасына жеткен Түрк Кызылайынын тобу баш калкалоочу буюмдар, кампа чатырлар, тез жардам жана гигиеналык каражаттардан турган 5 фуралык гуманитардык жардам жана мобилдик тамак-аш унааларын Украинанын Черновцы шаарына алып барып, аймактагы шашылыш муктаждыктарды камсыздайт.

Билдирүүгө ылайык, Украинадан авто жол аркылуу Түркияга ташылган жарандарга да Хамзабейли жана Капыкуле чек ара капкаларынан азык-түлүк жагынан колдоо көрсөткөн Түрк Кызылайы Украинага жаңы жардам жөнөтүүнү пландоодо.



Тектеш кабарлар