Украинада согушууну каалаган жарандарына Трасстан колдоо...

Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу Би-Би-Сиге маек берди.

1786463
Украинада согушууну каалаган жарандарына Трасстан колдоо...

Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс Украинада согуша турган британ жарандарын «кескин» колдой турганын айтты.

Лиз Трасс Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу Би-Би-Сиге маек берди.

 «Украинанын президенти Владимир Зеленский чет өлкөдөн келген адамдардын эл аралык күчкө кошулушун талап кылган. Муну колдойсузбу?» деген суроого ал төмөнкүдөй жооп берди: «Мен муну колдойм жана бул албетте эл өзү чече турган нерсе. Украин эли Украина үчүн эле эмес, бүткүл Европа үчүн эркиндик жана демократия үчүн күрөшүп жатат, анткени Путин ушуну чакырып жатат. Эгер эл муну колдогусу келсе, алар муну кылышы үчүн кескин түрдө колдойм. Мен аларды бул үчүн колдойм».

Кабарчы: «Демек, сиз согушка жардам берүү үчүн Англиядан Украинага баргандарды колдойсузбу?» деген суроосуна Трасс: «Албетте, эгер алардын кылгысы келген ушул болсо»,- деп жооп берди.

Орусиянын Украинадагы чабуулуна каршы согушууну каалаган чет элдик ыктыярчылар үчүн «Аймактык коргонуунун эл аралык легиону» аттуу бирдик түзүлө турганы кабарланды.

Украинанын президенттигинен жасалган билдирүүдө Орусиянын кол салуусунун бир гана өлкөгө басып кирүүсү эмес, Европага жана дүйнөлүк укук тартибине каршы согуштун башталышы болгондугу белгиленип, Зеленскийдин бүткүл дүйнө жарандарына жана украинанын досторуна кайрылып Украинаны жана Европаны Орусиянын кол салуусуна каршы өзүн коргоого чакырганы белгиленди.

Чет элдиктердин 2016-жылдан бери Украина армиясында өз ыктыяры менен согуша ала турганы эске салынган билдирүүдө, Украинанын аймактык коргонуусу үчүн эл аралык легион» аттуу чет элдиктерден турган субсоюздун түзүлгөнү билдирилип, каалоочулардын өз өлкөлөрүндөгү Украина элчиликтеринин коргоо атташелерине кайрылуулары керектиги белгиленди.

Орусия Украинага каршы аскердик операциясын 24-февралда баштаган.



Тектеш кабарлар