Байден: «Бизде эки жол бар;үчүнчү дүйнөлүк согуш же чыгымды төлөтөбүз»

Жо Байден Брайан Тайлер Коэндин Youtube каналына берген маегинде Орусиянын төртүнчү күнүнө кирген Украинага кол салуусуна токтолду.

1786226
Байден: «Бизде эки жол бар;үчүнчү дүйнөлүк согуш же чыгымды төлөтөбүз»

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Орусияга каршы варианттары үчүнчү дүйнөлүк согушту баштоо же бул өлкөгө эл аралык укукту бузуунун чыгымын төлөтүү экенин айтты.

Жо Байден Брайан Тайлер Коэндин Youtube каналына берген маегинде Орусиянын төртүнчү күнүнө кирген Украинага кол салуусуна токтолду.

Байден Орусиянын президенти Владимир Путинге биринчи жолу санкция киргизгендерин айттып: «Бизде эки жол бар; же үчүнчү дүйнөлүк согушту баштайбыз жана Орусия менен толук согушабыз, же болбосо эл аралык мыйзамдарды бузган өлкө үчүн чыгымды төлөтөбүз»,-деди.

Байден Орусияга киргизген экономикалык жана саясий санкциялардын дароо натыйжа берүүсүн эч ким күтпөгөнүн, бул санкциялардын таасири узак мөөнөттө көрүнө турганын белгиледи.

АКШнын президенти Орусиянын НАТОну бөлүп-жаруу максатын көздөгөнүн, бирок ага жете албаганын айтты.



Тектеш кабарлар