Украина жээктеринде жүк ташуучу кеме ракета менен атылды

Украина жээктеринде япониялык компанияга таандык жүк ташуучу кемеге ракета тийип, экипаждын жаракат алганы кабарланды.

1785849
Украина жээктеринде жүк ташуучу кеме ракета менен атылды

Украина жээктеринде япониялык компанияга таандык жүк ташуучу кемеге ракета тийип, экипаждын жаракат алганы кабарланды.

Киодо агенттигинин маалыматына караганда, Япониянын батышындагы Эхиме провинциясында катталган жүк ташуучу компания Кара деңизде сүзүп бараткан Намура Квин жүк ташуучу кемесинин ракета менен атылгандыгын билдирди.

Украинанын жээктеринде  ракетанын келип түшүшүнөн кийин  жабыркаган Панама желектүү кеменин бортундагы 20 филиппиндик экипаждан  бирөөсүнүн жаракат алгандыгы белгиленди. 

Азыркы учурда жүк ташуучу кеменин багытын улантып жаткандыгы, келтирилген зыянды аныктоо үчүн Түркияга карай жолго чыккандыгы  маалымдалды.

Киодо чет элдик маалымат агенттиктерине таянып берген кабарына караганда, Украина  бийлиги кеменин Россиянын күчтөрү тарабынан атылгандыгын билдирди. 

 

 



Тектеш кабарлар