Россия аба мейкиндигин Польша, Чехия жана Болгарияга жапты

Польша, Чехия жана Болгария да аба аянттарын Украинага кол салгандыгына  байланыштуу Россияга жапкан.

1786099
Россия аба мейкиндигин Польша, Чехия жана Болгарияга жапты

Россия аба аянтын Польша, Чехия жана Болгарияга жапкандыгын жарыялады. 

Россиянын  Федералдык аба транспорт агенттиги Росавиация аталган өлкөлөрдүн авиация боюнча жетекчилеринин орус учактарына карата   «достук  болбогон» чечимдерди кабыл алганын белгиледи.

Бул чечимдерден улам Россиянын да түрдүү кадамдарды таштай тургандыгы белгиленген маалыматта : "26 -  февралдан тарта Польша, Чехия жана Болгария учактары каттамдарын,  транзиттик каттамдарын да   Россия аймагында  атайын уруксат менен гана ишке ашыра алат",- деп билдирилди. 

Польша, Чехия жана Болгария аба аянттарын Украинага кол салгандыгына  байланыштуу Россияга жапкан болчу. 

 

 



Тектеш кабарлар