Орусия Президенттигинин сайтына кибер чабуул жасалды

Кремлдин мамлекеттик сарайынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын Президенттигинин сайты тынымсыз кибер чабуулдарга кабылганын билдирди.

1786133
Орусия Президенттигинин сайтына кибер чабуул жасалды

Орусия Президенттигинин сайтына кибер чабуул жасалды.

Кремлдин мамлекеттик сарайынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын Президенттигинин сайты тынымсыз кибер чабуулдарга кабылганын билдирди.

Президенттиктин сайтына кибер чабуулдар боюнча Песков:"Чабуулдар ар дайым болууда. Веб баракча бат-баттан тоңуп калууда",-деп айтты.

Кээ бир хакерлер жамааттары 24-февралда Украинага жасаган чабуулунан улам Орусияга кибер согуш жарыялашкан.

Дүйнө жүзүндөгү хакерлерди социалдык медиа аркылуу Орусияны бутага алууга чакырган коомчулук Кремлдин веб-сайты баш болгон көптөгөн мамлекеттик сайттардын кирүүгө мүмкүн болбой калганын жарыялады.



Тектеш кабарлар