Украинада Россиянын кол салуусунан 137 адам каза болду

Кол салууда 316 адамдын да жаралангандыгы билдирилди.

1785004
Украинада Россиянын кол салуусунан   137 адам каза болду

Украинанын президенти Владимир Зеленский  Россиянын өлкөсүнө карата аскердик операциясында бир күндө 137 адамдын  каза болгондугун билдирди. Зеленский фейсбуктан берген билдирүүсүндө : "Алгачкы белгилөөлөргө караганда 137 каарманыбызды, жараныбызды жоготтук. Аскер жана жаран",- деди.  

Кол салууда 316 адамдын да жаралангандыгы билдирилди. 

Каза болгондордун төртөөсү Донецкте орус күчтөрү аткылаган ооруканада болду.

Президенттик аппарат Чернобыль атомдук электр станциясын көзөмөлдөй албай калышканын жарыялады.

Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Михаил Подоляк “кыйын согуштан кийин” Чернобылды орус аскерлеринин көзөмөлгө алгандыгын айтты.

Украинанын Атомдук жөнгө салуу органы Чернобыль атомдук электр станциясында радиациянын экстремалдык деңгээли катталганын билдирди.

Мекеменин сайтындагы билдирүүдө гамма - нурлануунун дозасы контролдук деңгээлден ашып кеткени билдирилген. Билдирүүдө сөз болгон олку - солкулуктардын оор аскердик техниканын кыймылы жана радиоактивдүү чаңдын абага чыгышынан улам болушу мүмкүн экендиги белгиленди.Подоляк мунун Европа үчүн эң чоң коркунучтардын бири экенин белгиледи.

Михайл Подоляк борбор шаар Киев аймагындагы Хостомел аэропортун да көзөмөлдөй албай калгандарын айтты. Бирок кийинки сааттарда Украина бөлүктөрү аэропортту кайрадан алды. 

Дипломатиялык булактар ​​да Украинанын порт шаары Мариуполдун катуу аткылангандыгын жана   жүздөгөн жардыруулардын болгонун жарыялашты.

Мариуполь мэри Вадим Бойченко Орусиянын куралдуу күчтөрү менен шаардын ар бир бөлүгүндө катуу кагылышуулардын уланып жатканын маалымдады.

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр орус аскерлеринин украин армиясына таандык кээ бир унааларды колго алгандыгын, Киевге карай жылганын билдирди.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командари  Валерий Залужный Россиянын өлкөсүнө каршы жоготууларынын биринчи күндө 30дан ашуун танк, 130га жакын бронетехника, 7 учак жана 6 тик учак деп болжолдолгондугун жарыялады.

Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлигинин  жогорку даражалуу расмий өкүлү Россиянын кечээ Украинага 160тан ашык ракета аткандыгын  жана  түндүктөн өлкөгө  кирген орус күчтөрүнүн Киевге жакындап баратканын билдирди.

Россиянын Коргоо министрлиги болсо Украинанын аба десанттык жана рейддик аскерлеринин Крым аркылуу Херсонго киргенин жарыялады.

Украина Стратегиялык Байланыш Борбору жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:00дөн тарта эрте менен 06:00га чейин Киев менен бирге Черкаси, Днепр жана Николаевде коменданттык саат жарыялангандыгын билдирди.

Коменданттык саат учурунда коомдук транспорт иштеген жок бирок метро станциялары, баш калкалоочу жерлер ачык болду.

Борбор шаар Киевде таң эртеден тарта сиреналардын үндөрү жана жардыруулар  кайра  - кайра угула баштады.

"Россиянын коркунучтуу ракеталык чабуулу Киевди бутага алды", - деди тышкы иштер министри Димитро Кулеба. Мэр болсо бир үйгө тийген ракетанын сыныктары натыйжасында 8 кишинин жаракат алганын жарыялады.

Тышкы иштер министри Димитро Кулеба : "Россиянын коркунучтуу ракеталык кол салуусу Киевди бутага алды",- деген билдирүү жасады. Муниципалитет жетекчиси бир турак жайга келип түшкөн ракетнын сыныктарынын натыйжасында 8 кишинин жаракат алгандыгын  жарыялады. 

Украинанын Коргоо министрлиги орус армиясынын бүгүн борборго кирүүгө аракет кылары болжолдолуп жаткандыгын айтып : "Танктар менен Киевди кыйын абалда калтырышат",- деди. 

Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко орус аскер бөлүктөрүнүн танк колоннасы Иванков жана Чернигов тарабынан борбор калаа Киевге кирүүгө аз калганын билдирди.

"Бүгүн абдан оор күн болот",- деген  Геращенко орус танктарынын Украинанын колундагы танкка каршы курал менен жок кылына турганына көңүлдөрдү бурду.

Украинанын куралдуу күчтөрү борбор калаа Киевдин Оболон районунда орус күчтөрүнүн диверсиялык тобун таасирсиз кылганын жарыялады.

Украинанын коргоо министри Олексий Резников фейсбуктагы билдирүүсүндө,  «Аймактык коргонуу күчтөрү» деп аталган ыктыярчыларга бир гана Киевде ушул убакка чейин 18 миң курал таратылганын билдирди.

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинага таандык 118 аскердик инфраструктура объектиси, 13 башкаруу борбору, 36 радар станциясы, 14 абадан коргонуу ракета системасы, 5 учкучсуз учуучу аппарат, 5 согуштук учак, 1 тик учак, 18 танк, 41 аскердик унаа жана 5 аскердик катердин   жок кылынганын белгиледи. 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар