Путин Украина менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө даяр

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин орусиялык кесиптеши Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1785596
Путин Украина менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө даяр

Орусиянын президенти Владимир Путин Украина менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө даяр экендиктерин билдирди.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин орусиялык кесиптеши Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө эки лидер Украина маселеси боюнча пикир алмашса, Си Цзиньпин Орусия менен Украинаны маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырды.

Путин сүйлөшүүдө Си Цзиньпинге Украина маселесинин тарыхый өлчөмдөрү, Орусиянын «Украинанын чыгышындагы атайын аскердик операцияга» карата туруму жана аймактагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен НАТОнун көптөн бери Орусиянын акылга сыярлык коопсуздук тынчсызданууларын көрмөксөнгө салганын, милдеттенмелерин аткаруудан баш тартканын жана чыгышка карай кеңейүүнү улантып Орусиянын стратегиялык кызыл сызыктарына коркунуч туудурганын белгилеген Путин, Украина менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө даяр экендиктерин билдирди.

Си да "кансыз согуш" менталитетинен баш тартып, бардык өлкөлөрдүн мыйзамдуу коопсуздук маселелери урматталган, тең салмактуу, натыйжалуу жана туруктуу Европа коопсуздук механизминин сүйлөшүүлөр аркылуу түзүлүүсү керек экенин баса белгиледи.

Бир тараптан Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Орусиянын Украина менен сүйлөшүү үчүн Беларустун борбор шаары Минскке делегация жиберүүгө даяр экенин билдирди.

Песков журналисттерге жасаган билдирүүсүндө, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин бейтараптык статусун сүйлөшүүнү жактаган билдирүү жасаганын эске салды.

Путиндин Украинага каршы аскердик операциянын максатынын жикчил өкмөттөргө жардам берүү, Украинаны нацизм жана милитаризмден тазалоо экенин айтканын эске салган Песков, мунун чындыгында бейтарап абалдын ажырагыс бир бөлүгү экенине көңүл бурду.

Песков: «Ушул алкакта Зеленскийдин сунушуна жооп катары Путин Украина делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Коргоо министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана Президенттик администрациянын өкүлдөрүнүн деңгээлинде Минскке орус делегациясын жөнөтүүгө даяр», - деп айтты.

Зеленский Орусия менен бейтараптык статусу тууралуу сүйлөшүүдөн коркпогондорун айтып, Путинге «өлүмдөрдү токтотуу үчүн сүйлөшүү үстөлүнө отуралы» деп билдирген болчу.

Орусия Украинага каршы аскерий операциясын кечээ баштаган.



Тектеш кабарлар