Путин телефон аркылуу cүйлөшүүлөрүндө кол салуунун себептери тууралуу билдирди

Кремлден берилген маалыматка караганда, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Путин эмне үчүн операция жасоо чечимин кабыл алганын билдирди.

1785005
Путин телефон аркылуу cүйлөшүүлөрүндө кол салуунун себептери тууралуу билдирди

Россиянын президенти Владимир Путин Украинага карата аскердик операцияны баштоо чечимин АКШ жана НАТОнун союздаштары бул өлкөнүн аймагын аскердик кыянаттык менен пайдалануусунан улам чыгаргандыгын айтты.

Кремлден берилген маалыматка караганда, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Путин эмне үчүн операция жасоо чечимин кабыл алганын билдирди.

Билдирүүдө : «Украинанын айланасындагы абалды талкуулоо учурунда Путин Киевдин Донбасстын жарандарына карата агрессивдүү кыймылдары менен бирге көптөгөн жылдардан бери жүргүзүлүп келген Минск келишимдерин бузууга карата саясатка принципиалдуу баа берди. Бул шарттардын астында жана өзгөчө АКШ менен НАТО союздаштары Украинанын аймагын аскердик кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн атайын аскердик операцияны баштоо чечими кабыл алынды, бул Россия үчүн кабыл алынгыс», - деп билдирилди.

Владимир Путин Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен да телефон аркылуу Россиянын Украинага аскердик кийлигишүүсү тууралуу сүйлөштү.

Кремлдин билдирүүсүнө караганда Путин Макронго Украинада жүргүзгөн аскердик операциясы тууралуу маалымат берди.



Тектеш кабарлар