Дүйнөлүк банктан Украинага колдоо

Дүйнөлүк банктын төрагасы  Дэвид Малпасс Украинага тез арада колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.

1785265
Дүйнөлүк  банктан  Украинага колдоо

Дүйнөлүк банктын төрагасы  Дэвид Малпасс Украинага тез арада колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Малпасс бул тууралуу билдирүүсүндө Дүйнөлүк банк тобунун Украинадагы окуялардын натыйжасында болгон зордук - зомбулуктар жана адамдардын өлүмү  «үрөй учурганын» айтты.

Бул кризистик учурда  өнөктөшү болгон Украинанын жанында экенин баса белгилеген Малпасс, Дүйнөлүк банк тобунда координацияны тездетүү үчүн Глобалдык кризистик тобокелдик платформасын аракетке өткөрүшкөндөрүн  айтты.

Украинадагы кыйратуучу  окуялардын өтө чоң экономикалык жана социалдык таасирлери болорун белгилеген Малпасс, бул чыгымдарды карап чыгуу  үчүн Эл аралык Валюта Фонду (IMF) менен тыгыз кызматташкандарын белгиледи.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийге Дүйнөлүк банк тобунун Украина жана аймактын элине күчтүү колдоосун билдиргенин белгилеген Дэвид Малпасс: "Биз Украинага тез арада колдоо көрсөтүүгө даярбыз жана бул колдоонун варианттарын, анын ичинде тез төлөмдү каржылоону даярдап жатабыз",- деди.



Тектеш кабарлар