Пентагон Орусиянын Украинага кол салуусу тууралуу маалымат берди

Пентагондун жогорку даражалуу расмий өкүлү орустар Украинага үч негизги багыттан кол салганын билдирди.

1784810
Пентагон Орусиянын Украинага кол салуусу тууралуу маалымат берди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлиги (Пентагон) кечээ кечинде 75 орус согуштук учагынын Украинага киргенин, орус армиясынын 100дөй ракета учурганын жана 10 аба базасына сокку урганын жарыялады.

Пентагондун жогорку даражалуу расмий өкүлү орустар Украинага үч негизги багыттан кол салганын билдирди.

Орусиянын негизги максатынын Украина өкмөтүн жок кылуу экенин белгилеген жетекчи, кээ бир орус элементтеринин Крымдан түндүккө карай чабуул баштаганын, кээ бир элементтердин борбор калаа Киевди бутага алуу үчүн түндүктөн кол салганын, берки багыттын болсо Украинанын түндүк-чыгышынан Харьковго кол салганын айтты.

Харьковдо кагылышуулар күчөгөнүн белгилеген Пентагон жооптуусу: «Биздин баамыбыз боюнча, орустар кечээ түнү алыска учуучу, кыска аралыкка атуучу, жерден-жерге, деңизден-жерге атуучу канаттуу ракеталары жана баллистикалык ракеталар болуп ар кандай масштабдагы 100дөн ашык ракетаны учурду»,-деген маалыматты берди.

Расмий өкүл ошондой эле Орусиянын Аба күчтөрүнө таандык 75 согуштук учактын Украинанын аба мейкиндигине киргенин, бүгүн эртең менен Орусиянын кургактык күчтөрү Украинанын түндүк-чыгышынан кургактыктан операция баштаганын билдирди.

Согуштун али өлкөнүн батыш аймактарына жайыла электигин жана өлкөгө деңизден десанттар кирбегенин белгилеген расмий өкүл: «Кечээги чабуул негизинен казармалар, арсеналдар, кампалар жана 10го жакын авиабазалар сыяктуу аскердик пункттарды бутага алды»,-деди.

АКШнын Украинанын аба мейкиндигинде эч кандай аба элементи жок экенине көңүл бурган расмий өкүл, АКШ күчтөрүнүн Украинадан чыга турган АКШ жарандарына колдоо көрсөтүү үчүн Польшада даярдык көрүп жатканын жарыялады.

 



Тектеш кабарлар